Эсимден кетпеди, акыркы жолугуу,
А сен кете бердиң, уга албай жообумду.
Үйгө кайтып келип, дубал сүзүп, догурунуп,
Өзүмдү жегиледим, кармай албай колуңду.
Бирде масмын, бирде кетем кайра соолугуп,
Ушинтип кала бердим, туңгуюкта булугуп.
Эки тарап болуп кетсе деле жолубуз,
Суранамын, сүйлөшөлү жолугуп...
Жетти! Кетчи – дедиң, а мен тура бердим, не дешти билбедим.
Балким, соолуп калган сенин сезимдериң,
Ошондой болсо, айтчы дароо, эзе бербей мени.
Кечке кечир дедим, а сен бой көтөрүп мени кечирбедиң.
Тура бердим, не дешти билбедим,
Байкабастан кантип кеч киргенин...
Жетти! Кетчи – дедиң, а мен тура бердим, не дешти билбедим.
Балким, соолуп калган сенин сезимдериң,
Ошондой болсо, айтчы дароо, эзе бербей мени.
Кечке кечир дедим, а сен бой көтөрүп мени кечирбедиң.
Тура бердим, не дешти билбедим,
Байкабастан кантип кеч киргенин...
Баягы эле түшүнбөстүк келди баарын каптап,
Артынан дароо эле катарынан кетти ката.
Ачууң келип турганда сөздөрүң октой атат,
Бирок сенден башкасы жүрөккө такыр батпайт.
Жылдар өттү, өзгөрбөдү сага сезимдерим,
Жараткандын белегисиң, менин перим.
Анан ортобузга кыштай суук мезгил кирип келди,
Айдын нуру муздап калган жанды эритеби эми.
Кетти, экиге бөлүнүп кетти,
Балама башка ата тапканың дагы кеппи?
Макул бир-бир болгондон кийин, чын эсеппи?
Айтчы мага, ким көзүңө кумду суудай септи?
Кетти, ал дагы пайдасын көрүп кетти,
Аны менен биздин китеп аягына жетти.
Сен көрбөдүң чын жүрөктөн кылган аракетти,
А мен не дешти билбедим, дагы кала бердим четте.
Жетти! Кетчи – дедиң, а мен тура бердим, не дешти билбедим.
Балким, соолуп калган сенин сезимдериң,
Ошондой болсо, айтчы дароо, эзе бербей мени.
Кечке кечир дедим, а сен бой көтөрүп мени кечирбедиң,
Тура бердим, не дешти билбедим.
Мен сени менен бийиктерге учам,
Булуттарда кучак,
Ыраазымын тагдырга, бактыма...
Мен сени менен бийиктерге учам,
Булуттарда кучак,
Ыраазымын тагдырга, бактыма...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен...
Мен сени менен бийиктерге учам,
Булуттарда кучак,
Ыраазымын тагдырга, бактыма...